БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы коомдук жайларда (базар, транспорт, соода борборлору) чөнтөкчүлөрдүн курмандыгы болуп калбоо үчүн жарандарга кеңеш берди.
Тартип сакчылардын кеңеши:
сумканын сыдырмасын текшериңиз. Эл көп жерде өзүңүзгө жакын кармаңыз;
капчыгыңыздагы акчаны элдин алдында эсептебеңиз;
капчык же баалуу буюмдар кийим астынан көрүнүп, уурулардын көңүлүн бурбагандай болушу зарыл;
артыңыздан же капталыңыздан жакын келип турган адамдарга көңүл буруңуз;
акча салынган капчыкты эч убакта гипермаркеттердеги арабаларга салбаңыз.
Эгерде буюмуңузду уурдатсаңыз, дароо милицияга кайрылыңыз. Уурунун кийимин, болжолдуу жаш курагын, боюнун узундугун жана кайсы багытка кеткенин эстеп калууга аракет кылыңыз.