Радио

Өлкөдө экспортко багытталган дагы бир завод курулат. Чоо-жайы

Кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында 20 миллион долларлык келишим түзүлдү. Ага ылайык, Кыргызстанда жер семирткичтин компонентин чыгара турган завод курулат.
Sputnik
Өлкөдө жер семирткич өндүрүү үчүн анын компоненттеринин бири болгон кальцийдин карбидин чыгарган завод курулат. Бул тууралуу "Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору Эрлист Акунбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Маалыматка ылайык, заводду курууга өзбек тарап технология, каражат жагынан көмөктөшөт.
"Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда бир катар келишимдерге кол коюлду. Алардын бири кальций карбидин чыгаруучу завод куруу боюнча макулдашуу. Кальций карбиди — жер семирткич өндүрүүдөгү компоненттердин бири. Долбоордун наркы 20 миллион долларды түзүп, орток ишкана болот. Ошондой эле завод катуу калдык чыгарбайт, экологияга зыянын тийгизбейт", — деди Акунбеков.
Ишкер завод Кыргызстандын аймагында болгондуктан жергиликтүү жарандар жумушка тартыларын белгиледи.
"Заводдун курулушу эки жылда бүтөт деген божомол бар. Курулушка 700дөй жумушчу, ал эми заводдун өзүндө 300 жумуш орду түзүлөт", — деди ал.
Ошондой эле аталган завод үчүн сырье өлкөдө бар экенин, ал эми өндүрүлгөн продукция толугу менен Өзбектанга экспорттолорун кошумчалады.