Прокуратура: Бишкекте милиционер 33 кг баңгизат уурдаган

Милиционер жумушунда далил буюмдарды сактоого жоопкер болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкери, старшина М.С. 33 килограмм 850 грамм баңгизатты уурдап алганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, аталган кызматкер жумушунда далил буюмдарды сактоого жоопкер болгон. Бирок өзү баңгизатты алып, кылмышын жаап-жашыруу үчүн анын ордуна башка эле начар сапаттагы баңгизатты (23 кг) салып, жетпей калганын таш жана бетондун калдыктары менен толтуруп койгон.
Милиционерге Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу") жана 283-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде айып коюлган.
Кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна кароого жиберилди.
ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгизат лабораториясы табылды. Видео