Бишкекте эмчек жана жатын рагын аныктоо жумалыгы өтүп жатат. Бул тууралуу Бактыгүл Курманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 30-январда башталган жумалык 5-февралга чейин уланмакчы.
"Жумалыктын башкы максаты — аялдардын жатын моюнчасынын жана эмчек рагын алдын алууга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу. Анткени акысыз текшерүү жүрүп жаткан кезде бизге көп кыз-келин келет. Каалоочулардын баары бул аптада Бишкектеги поликлиникаларда эмчек жана жатын моюнчасын акысыз текшерте алат. Бир гана шаардыктар эмес, региондордон да атайын келген келиндерди жолуктуруп жатабыз. Мындай акысыз жумалыктар элди ден соолукка көңүл бурууга чакырат. Өнүккөн өлкөлөрдө бул ооруларга чалдыккандар аз. Себеби алар өз убагында текшерүүдөн өтүп, ооруну алдын алышат", — деди акушер-гинеколог.
Ал өнүкпөгөн өлкөлөрдө рак оорусу менен ооругандар көп экендигин кошумчалады.