БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Батыштын Россияны коңшулары, анын ичинде Борбор Азиядагы мамлекеттер менен араздаштыруу далалаты колдоо тапкан жок. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек куруп жатып РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Ага кайсы мамлекет Украинанын жолун жолдоп, "антироссияга" айланышы мүмкүн экендиги тууралуу суроо узатылып, сөз арасында Казакстан менен Кыргызстан аталган.
Лавровдун айтымында, "батыштагы кесиптештер" бир канча жылдан бери аталган өлкөлөрдө америкалык, европалык, керек болсо НАТОлук бейөкмөт уюмдар аркылуу кызыкчылыгын таңуулаганга аракет кылып келишти.
© Sputnik / Григорий Сысоев
/ "Анан, албетте, АКШнын Мамлекеттик департаментинин алдындагы Эл аралык өнүктүрүү агенттиги сыяктуу структуралар ошол "жумшак күчтү" жайылтуу аракетин көрүп келет. Бул күч айрым учурда катуулап да кетүүдө. Батыш ушундай курал аркылуу жок эле дегенде коңшуларыбыз, анын ичинде Борбор Азиядагы айрым тилектеш мамлекеттер менен достук алакадан күмөн санатууну каалап жатканы шексиз. Бирок Батыштын далалаты олуттуу колдоого алынды деп айтууга эч бир негиз жок. Коңшуларыбыз, союздаштарыбыз, стратегиялык өнөктөштөр бул оюндардын баарын көрүп жатат", — деди Лавров.
Анын айтымында, аталган мамлекеттер Батыштын чыныгы максатын жакшы түшүнөт.
"Бул өлкөлөр интеграциялык пландардын мындан аркы өнүгүүсүн камсыздоочу кошумча механизмдерди ишке ашырууга дилгир. Батыштын таасири тийбей турган, тышкы таасирден сактай турган ыкмаларды колдонууга кызыкдар. Бирок Батыш жүргөн постсоветтик мейкиндикте Россияга каршы иш аракеттер дайым болуп келет", — деди министр.