Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШдан Украинадагы чатак эмнеге зарыл болгонун айтышты

Аналитиктин пикиринде, "Түндүк агымдардын" жардырылышы — АКШнын кадамы. Ал Кошмо Штаттарды Байден эмес, аскердик машина башкарарын тактап, кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. АКШ Украинадагы чатакты өзүнүн экономикалык кызыкчылыгынан улам, тагыраагы, Россия менен Германияны араздаштыруу үчүн чыгарды. Мындай пикирин америкалык саясий баяндамачы Жимми Дор Fox News телеканалынын алып баруучусу Такер Карлсондун программасына келгенде айтканын РИА Новости жазды.
"Мунун баары экономикалык согуш. Украинадагы чатак суюлтулган газдан улам Россия менен Германия эч качан өз ара алакага келбей тургандыгына ынаныш үчүн жасалууда. Себеби биз россиялык жаратылыш ресурстарынан жана жумушчу күчтөрдөн чочуп, алар немец технологиясы, капиталы менен биригип кетет деп саксактап турабыз", — деген ал.
Аналитиктин пикиринде, "Түндүк агымдардын" жардырылышы — АКШнын кадамы. Ал Кошмо Штаттарды Байден эмес, аскердик машина башкарарын тактап, кошумчалаган.
"Мунун баары гегемониядан, империализмден жана экономикадан келип чыгууда. Кайсы бир жерде деңиз аскери болсо, демек, алар башка өлкөнүн жаратылыш ресурстарын уурдоого бет алып жатканы", — деп моюндаган Дор.
Москва 24-февралдан тарта Украинада атайын операция жүргүзүп келет. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугун кепилдеген шарттарды түзүү.
Европа кожоюнунун кезектеги чагымчылыгын күтүп отурат. Ой толгоо