БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстанда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирип берүү кызматы иштей баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлады.
Жарандар эми аталган күбөлүктү үйүнө алып келип бериши үчүн мамлекеттик электрондук кызматтардын portal.tunduk.kg порталы жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн арыз берсе болот.
Бирок бир шарт бар: бул кызматтан колдонуу үчүн коюлган колдун электрондук түрү керек, муну калкты тейлөө борборунан бекер беришет.
Министрликтен 2022-жылдын ноябрынан бери аталган кызмат "Түндүк" тиркемеси аркылуу сынамык түрдө иштеп жатканын айтышты. Кызмат жарандарга үйүнөн чыкпай, Калкты тейлөө борборуна келбей эле баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алууга мүмкүнчүлүк берет.
Шарты:
туулганы тууралуу актыны каттоого арыз берүү (туулганы тууралуу күбөлүк);
бир ирет берилүүчү "Балага сүйүнчү" акчасын алууга арызды толтуруу (кайсы банкта алууну алар өздөрү тандайт):
туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга акча төлөө боюнча онлайн-квитанцияны алуу:
басып чыгарылган күбөлүктү алып кетүү үчүн өзү алып кете турганга ылайыктуу Калкты тейлөө борборун көрсөтүү;
үйгө алып келип берүү кызматына буюртма берүү.
Министрликтен бул күнгө чейин сынамык долбоордун алкагында туулгандыгы тууралуу 30дан ашуун күбөлүк берилгенин айтышты.