"Акылбек кетсин" дегендер эл арасында да бар. Садыр Жапаров өкмөт башчы тууралуу

Өлкө башчы премьер-министрлер тездик менен алмашып келгенине токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында "ал кетсе, ордуна мен бара калсам" деген топтор басымдуулук кылат. Ошолор блогерлерге, социалдык түйүндөргө жамандатып жаздыртып жатышат. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Өлкө башчы маалыматтарды таратып жаткандар кимдер экенин, мурда кандай иштегенин билерин белгилеген.

"Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт. Ансыз да 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырып, Гиннесс китебине киргендей болдук. Азыр мамлекеттик түзүлүш, мамлекетти башкаруу системасы мурдагыдай эмес, башкача. Албетте, мамлекет башчы катары анын ар бир кадамына тыкыр көз салып карап турам. Туура эмес кетип баратса, "бул жерден туура эмес кетип бара жатасыңар, өкмөт, токтогула" деп жол көрсөтүп турам", — деген президент.

Президенттин администрациясы: Акылбек Жапаровго асылуудан алыс болууга чакырабыз