Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ күчтөрүнүн атайын операцияда каршылаштардын позициясын жок кылган видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Россиялык аскерлер атайын операция болуп жаткан аймакта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн позицияларын кантип жок кылганы боюнча видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы таратты.
Россиянын Коргоо министрлиги бул максатта 152 миллиметрлик өзү жүрүүчү 2С5 "Гиацинт-С" үлгүсүндөгү пушкалар колдонулгандыгын билдирген.
Аталган курал сооттолгон техникаларды, абадан кол салуудан коргонуучу каражаттарды, тирөөч жайларын жана душмандын куралдарын 30 чакырым аралыкта жок кылууга жөндөмдүү.
2С5 "Гиацинт-С" бутанын кайда жайгашкандыгын аныктап, ок чыгарууну пилотсуз учуучу техникалар жөндөп турары айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Болотту да эриткен "Солнцепёк" куралынын видеосу