Пиязды үч айга чейин Кыргызстандан сыртка сатууга тыюу салды

Жашылчанын бул түрү акыркы күндөрү кескин кымбаттап кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети пиязды Кыргызстандын сыртына үч айга чейин сатпай турууга чечим чыгарды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады.
Буга чейин министрлик бул азыкты ЕАЭБдин аймагынан сырткары сатпай турууну сунуштаган.
"Үч айлык мөөнөт менен Кыргызстандын аймагынан тоңдурулган пияз, анын башка түрлөрүн (шалот, көк пияз, пияз сымал башка жашылчалар) сыртка сатууга убактылуу чектөө киргизүү боюнча токтом кабыл алынды. Аталган документ өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын баасын турукташтыруу максатын көздөйт", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы ири базарларда пияз 55 сомдон өйдө сатылууда.
Социалдык маанилүү товарлардын кымбатташын ооздуктоочу мыйзам долбоору каралды