Россиядан пошлинасыз канча күйүүчү май импорттолору айтылды

Нефть продуктулары тартыш болгон учурда Энергетика министрлиги Россия тарап менен жыл аягына чейин жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги жана Нефтетрейдерлер ассоциациясы мунай жана мунай продуктулары рыногундагы кырдаал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Экономикалык коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө республика күйүүчү-майлоочу майга болгон ички керектөөнү өз өндүрүшүнүн эсебинен, ошондой эле аларды пошлинасыз жеткирүү боюнча өкмөттөр аралык келишимдин алкагында Россиядан импорттоонун эсебинен камсыздап турат.
Бул макулдашуунун алкагында 2023-жылга төмөнкү индикативдик баланс (алымсыз күйүүчү майдын көлөмү) бекитилген:
бензин — 460 миң тонна;
дизель майы — 485 миң;
реактивдүү кыймылдаткыч үчүн күйүүчү май — 150;
чийки мунай — 50;
мунай битуму — 60.
"Тараптар Кыргызстанга мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашты", — деп белгиледи министрлик.
Жылдын аягына чейин күйүүчү-майлоочу майдын жетишсиздиги (экинчи кварталдын жыйынтыгы боюнча) болсо Кыргызстандын Энергетика министрлиги Россиянын Энергетика министрлиги менен келишим боюнча индикативдик балансты көбөйтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Радио
Бензин дагы канча сомго арзандашы мүмкүн? Адистин жообу