Радио

Өлкөдөгү бир катар ири долбоорлорго Өзбекстандын катышуусу күтүлүүдө

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев кыргыз-өзбек алакасы тууралуу айтып берди.
Sputnik
Өлкөдөгү бир катар ири долбоорлорго Өзбекстандын катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Темир Сариев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, президенттер эки өлкө стратегиялык өнөктөштүккө өткөнүн айтты.
"Кыргыз-өзбек форумунун өткөнү жакшы болду, бирок анын натыйжасы тууралуу айтууга али эрте. Эки мамлекеттин жетекчилери стратегиялык өнөктөш болгонубузду жар салды. Бул эки өлкөнүн ортосунда талаштуу маселелер чечилди дегенди түшүндүрөт. Жөнөкөй өнөктөштүктөн ушунусу менен айырмаланат. Ошондой эле ири долбоорлорго өзбек тараптын катышуусу күтүлүүдө. Алардын бири Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Бул ишкерликке, өлкө экономикасына, логистикалык мүмкүнчүлүктөргө абдан түрткү бере турган маанилүү долбоор. Алардан Өзбекстан менен Кыргызстан транзиттик өлкө катары кыйла пайда таба алат. Ошондой эле Камбар-Ата ГЭСи боюнча үч мамлекеттин ортосунда келишим түзүлдү. Ал курулса өлкөнүн суу топтоо потенциалы 19,5 миллиард кубдан 25 миллиард кубга чейин өсөт. Мындан тышкары, Камбар-Ата 1 деген кубаттуу ГЭСибиз болот. Буга улай өлкөдө автоунаа чогулта турган заводдун курулушу күтүлүүдө", — деди Сариев.
Ошондой эле ал эки өлкөдө тең туризм кыйла келечектүү багыт экенин кошумчалады.