БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай райондук соту бүгүн, 1-февралда, наристесин сабаган аялды бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Маалыматты Баткен облустук сотунун маалымат катчысы Замир Ормонов тастыктады.
Келин Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалат.
Эске салсак, мындан бир нече күн мурун Кыргызстандагы социалдык тармактарда энеси баласын сабап жаткан видео тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.
Бул окуя боюнча Баткен милициясы 27-январда аларга Кадамжай районунун 39 жаштагы А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылганын маалымдаган. Анда А.Б. видеодо жарандык никеде жашаган Ш.М. аттуу аялы алардын ортодогу кызын сабап салганын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Баланы, алсыз адамды же күнөөлүү адамдан материалдык жактан көз каранды болгон кишини, ошого тете уурдалган же барымтага алынган адам катары кармалган жаранды кыйноо") менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 48 саатка Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.
Ал эми энесинен таяк жеген наристе бир туугандары менен кошо коопсуз жайга жайгаштырылган.