БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. НАТО Украинаны куралдандырып жатканын "тынчтык орнотуу үчүн жасалууда" деп түшүндүрүүдө. Бирок иш жүзүндө Киевге сүйлөшүү процессин улантпоого буйрук берип жатат. Бул тууралуу шаршембиде Венада өтүп жаткан аскердик коопсуздук жана курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдө орус делегациясынын башчысы Константин Гаврилов билдирди.
"Альянска мүчө-өлкөлөр Украинаны "тынчтык орнотуу үчүн" куралдандырып, саясатты жөнгө салуу зарылдыгын белгилешүүдө. Бирок иш жүзүндө Киевге сүйлөшүү процессин кайрадан баштабоого буйрук берип жатышат. Алар Украинага танкаларды жана учактарды жеткирүү ниети жок экенине ишендирип, бир аздан кийин эле оюн кайра өзгөртүп жатышат. Бизде Киевдин чет өлкөлүк кураторлорунун мындан аркы стратегиясы тууралуу эч кандай иллюзия жок. Анткени алар бардык көрсөткүчтөр боюнча ЕККУ аймагындагы кризистен жеке пайда алууга умтулуп жатышат. Аны "башкалардын колу аркылуу" жасашууда. Биз Батышка ишенүүгө болбой турганына дагы бир жолу ынандык", — деди Гаврилов.
Россия Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнө өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.