"TikTok жаман жакка бурат окшойт". Депутаттар парламентте маселе көтөрдү

Эл өкүлдөрү социалдык тармак улуттук баалуулуктарга көлөкөсүн түшүрүп жатат деген пикирлерин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары TikTok жаш муундарга, улуттук идеологияга өзүнүн терс таасирин тийгизип жатат деген пикирлерин айтышты.
"TikTok жаш муундарды, идеологияны жаман жакка бурат окшойт. Маданият министрине тапшырма берип, иш алып барбайсыздарбы. Уят го, алар үй-бүлө менен кантип көрүп жатышат? Бул жерде мамлекеттин улуттук баалуулуктар боюнча саясаты да болушу керек. Ошону караган тармак эмне кылып жатат?.." — деп суроо салды Шайлообек Атазов өкмөттүн Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбек Абытовго.
Эл өкүлү мындай контент "Казакстан, Өзбекстан деген өлкөлөрдө жок го" деп кошумчалап, министрликтин тиешелүү өкүлдөрүн бул маселе боюнча парламентке чакыруу туурасында айтты.
Атазовду депутат Талайбек Масабиров да колдоду.
"Маданият министрлиги көзөмөлгө (TikTok — ред.) алышы керек. Биздин идеологиябыз болуш керек да. Азыр балдардан коркуп калдым, дайыма телефондорун карап турам. Башынан жакшы башталып, ... азыр эми ич көйнөктөрүн башына кийип... Биздин маданиятка жакпаган нерселерди көрсөтө баштады", — деди ал.
Депутат Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын жабууну сунуштады