Арслан Малиев Жогорку Кеңеште иштөөгө шарт жок экенин айтып, спикерге даттанды

Малиев парламенттин төрагасына компьютерин берип турганы үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Депутат Арсланбек Малиев Жогорку Кеңеште шарт түзүлбөгөндүктөн улам иштей албай жаткандыгын айтты.
"Нурланбек Тургунбекович, өткөндө өзүңүздүн компьютериңизди мага берип турганыңызга рахмат, бирок ошондон бери иш жылбай жатат. Бүгүнкү күндө шарт түзүлбөгөндүктөн иштей албай жатам. Принтер, копия жасоочу машиналар жок. Эки ай болду, бул маселени кантип чечесиз? Шарт түзүп бергилечи. Депутат болгонубузга бир жылдан өттү. Силерге деле жаман угулат, бирок маселени баары бир чечиш керек. Өзүңүздүн убадаңыз бар эле", — деди депутат парламент төрагасына.
"TikTok жаман жакка бурат окшойт". Депутаттар парламентте маселе көтөрдү