Парламентте Баткендеги тамдардын курулушу боюнча отчёт талап кылынды

Декабрдын аягындагы маалыматтарга таянсак, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам кыргыз-тажик чек арасынын тилкесинде Баткендин 3 781 жашоочусунун тамы талкаланган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламентте Баткен облусундагы чек ара чатагынан кийин талкаланган үйлөрдүн курулушу боюнча отчёт талап кылды.
"Күздөгү Баткен коогалаңында чогулган акча боюнча эмдигиче бизде так маалымат жок. Ушуну угуп койбойлубу. Ар кандай сөздөр болуп жатат. Канча акча чогулду, кимге кетти, гуманитардык жардам жеттиби, канча үй курулуп жатат? Штабдын начальниги келип бизге отчёт берсин", — деди Токтошев.
Декабрдын аягындагы маалыматтарга таянсак, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам кыргыз-тажик чек арасынын тилкесинде Баткендин 3 781 жашоочусунун тамы талкаланган.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев турак жайларды "Аманат курулуш инвест" компаниясы салып жатканын айткан.
Ал эми бул тема боюнча Sputnik Кыргызстан "Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?" деп аталган иликтөө жарыялады. Анда эмне себептен үйлөр белгиленген мөөнөттө курулуп бүтпөгөнү тууралуу маселе көтөрүлгөн.
Баткенде үй куруу милдетин алган "Аманат инвест" эмне компания? Жапаровдун жообу