БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Депутат Дастан Бекешев Калкты тейлөө борборундагы узун кезек туурасында маселе көтөрдү.
"Мамлекеттик кызматтар кандай көрсөтүлүп жаткандыгына көңүл бурсаңар. Калкты тейлөө борборлорундагы (ЦОН) жашаган дареги жана үй-бүлө курамы туурасында маалым кат кандай берилип жатканын бир карап көргүлөчү. Мисалы, мурдагы күнү Кара-Балтада бир эле маалым кат үчүн кандай кезек жаралды. Деги эмне болуп жатат? Бизде "цифровизация" сыяктуу бир нерсе жүрүп жатпайбы. Кана ошол цифровизация? Бул маселени акыр аягы өкмөттүн деңгээлинде чечкилечи. Отчёт бере келгенде санариптешүү боюнча жыйынтык мыкты, ал эми эл бир маалым каттын артынан алиге чейин жүрөт. Элди канчага чейин кыйноого болот?" — деген суроо салды депутат.
Эске салсак, 2022-жылдын жай айында санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов Калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүү көйгөйүн 2023-жылдын жай айына чейин чечүүгө убада берген.