БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бүгүн парламенттин жыйынында республиканын калкты тейлөө борборлорунда чоң кезек күтүүлөр тууралуу маселе көтөргөн депутат Дастан Бекешевге Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жооп берди.
Бекешев жашаган жери жана үй-бүлө курамы боюнча маалым кат алчулар дагы деле узун кезекте турганын айткан.
"Өткөн жылдын 9-декабрынан тарта жарандар маалым кат алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна кайрыла баштаган. Бул кезек күтүүлөрдүн топтолушуна алып келүүдө. Өз кезегинде Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Түндүк” аркылуу 27 мамлекеттик орган менен өз ара байланышты уюштурган. Маселени чечүү үчүн дагы мамлекеттик жана коммерциялык уюмдарды “Түндүк” кызматына туташтыруу талап кылынууда”, — дешти ведомстводон.
Кезектерди кыскартуу жана жарандар ар кандай документтерди чогултууга мажбур болбошу үчүн бардык мамлекеттик органдардын маалымат алмашууга активдүү катышуусу талап кылынат.
1-февралга карата Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде 11 микрокредиттик компания жана банктар, ошондой эле 11 мамлекеттик орган маалыматты электрондук түрдө алуу боюнча кызматтарды көрсөтүштү.
Келишимдерди Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзгөндүктөн жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Төмөнкү маалымат жеткиликтүү:
жашаган жери жөнүндө;
үй-бүлөнүн курамы жөнүндө.
Ошондой эле калкты тейлөө борборлорунда кезек күтпөө үчүн Early one тиркемеси аркылуу (Бишкек жана Ош шаарларында) онлайн-брондоо мүмкүнчүлүгү жаралып, келечекте республика боюнча ишке киргизүү пландалууда.