УКМК: Чүйдө электр тармагында иштеген инженер пара берип жатканда кармалды

Шектүү жетекчилик кызматка баруу үчүн тийиштүү адамдарга 350 миң сом бергени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М.З. пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Т.М.З. Аламүдүн РЭСинин жетекчилик кызматына баруу үчүн Энергетика министрлигинин өкүлдөрүнө бир нече жолу акчалай сыйлык сунуштаган.
"Шектүү 31-январда 350 миң сомду пара катары берип жаткан жеринен колго түштү", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси ("Пара берүү") боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ошто УКМК тергөөчүсү 15 миң доллар пара алып жатканда кармалды