Радио

Акунов: Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен сууну көзөмөлдөө жолго коюлат

"Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясы" ЖАКтын директору Чоробай Акунов ишкерлер үчүн электр энергиясына болгон тариф маселесин чечип, чакан ГЭСтердин курулушуна көңүл буруу керектигин айтты.
Sputnik
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен сууну көзөмөлдөө, башкаруу жолго түшөт. Ошону менен бирге 5 миллиард куб метрге жакын суу топтолот. Бул тууралуу Чоробай Акунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жол картасын түзүүдө дыкаттык менен иш алып баруу керек.
"Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу демилгеси абдан жакшы кадам. Ачыгын айтканда, ири долбоорду ишке ашырууга өзүбүздүн каражат жетпейт. Тараптар курулушту ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту. Бирок ага өзгөчө мамиле жасап, дыкаттык менен иштеп чыгуу керек. Эми техникалык экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин ГЭСти ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү аныкталат. Бул долбоор аркылуу сууну көзөмөлдөө, башкаруу жолго коюлуп калат. Ошону менен бирге 5 миллиард куб метрге жакын суу топтолот. Мындан тышкары, ишкерлер үчүн электр энергиясына болгон тариф маселесин чечип, чакан ГЭСтердин курулушуна көңүл буруу кажет", — деди Акунов.
Ошондой эле адис Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен Орто Азияда энергетика системасындагы жыштыктарды башкарууну Кыргызстан жогорку деңгээлде аткарып каларын кошумчалады.