Бишкектин райондорунда адамды жүзүнөн тааный турган видеокамералар орнотулат

Өлкө боюнча адамды аныктоого жардам берген 519 камера иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын бардык райондорунда адамды жүзүнөн тааный турган видеокамералар орнотуларын Ички иштер министрлиги маалымдады.
Милиция шаардын райондорунун акимдери менен коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана укук бузууларды алдын алуу маселелери боюнча жыйын өткөргөн. Учурда камераларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Жакынкы үч ай ичинде ИИМдин борборлоштурулган бирдиктүү системасына кошулат.
Өлкө боюнча жалпысынан 2177 даана камера бар. Анын 519у адамдарды жүзүнөн тааный алат. Алар 360 градуска айланып, адамдын жүзүн нейротүйүн аркылуу таанып жана базадагы маалымат менен текшере алышат. ИИМдин маалыматы боюнча, камералар адамды реалдуу убакытта тааныйт.
Ошондой эле издөөдө жүргөн, дайынсыз жоголгон кылмышкерлерди табуу, мушташ же бейбаштыктарды токтотууга мүмкүн болот.
Өткөн жылы мындай камералардын жардамы менен 3 431 кылмыштын бети ачылган.
ИИМ: камеранын жардамы менен издөөдө жүргөн 163 адам кармалды