Ат-Башынын тургуну көзү өткөн жакындарына аш берүүнүн ордуна куран жарышын өткөрдү

Ат-Башынын тургуну көзү өткөн жакындарына аш берүүнүн ордуна куран жарышын өткөрдү
Конкурстун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылынын тургуну Сулайман Үмөтакунов өткөн жылы дүйнө салган агаларына аш берүүнүн ордуна өспүрүмдөр арасында райондор аралык куран окуу жарышын уюштурду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
"Курандан пайда болгон соопторду маркумдарга багыштоону туура көрдүк", — деди ал.
Облус казысы Эрик Молдокулов, анын орун басары Кумарбек Орозалиев, Ат-Башы районунун баш имам-хатиби Абдулла Тахиров, Нарын шаарындагы медресенин устаздар жамааты сынакка калыстык кылышкан.
Алдыңкы орундарды алган жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Строительство новых домов для жителей Баткенских сел
Парламентте Баткендеги тамдардын курулушу боюнча отчёт талап кылынды