Тажикстан быйыл Борбор Азия энергошакекчесине кошулуп бүтөрүн айтты

Министрдин айтымында, долбоор этап-этабы менен ишке ашууда.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Тажикстандын негизги электр тогун өткөрүүчү линиясы 2023-жылдын аягына чейин Борбор Азиянын бирдиктүү байланышына кошулат. Бул туурасында коңшу өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министри Дажер Жума маалымат жыйында билдиргенин Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
Министрдин айтымында, энергетикалык шакекчеге кошулуу долбоору этап-этабы менен ишке ашууда. Апрелге чейин электр энергиясын экспорттоо сезону башталганда линиянын басымдуу бөлүгү 500 жана 220 киловольт кошулат. Ал эми толугу менен ушул жылдын аягына чейин жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү белгиленген.
"Согд облусунун түндүк тарабында калган линияларды кошууга дагы бир аз убакыт керектелет. Ал комплекстүү, оор процесс, дыкаттык менен иштөө талап кылынат", — деп айткан министр.
Кыргызстан менен Өзбекстан Чаткал суусуна мини ГЭС курмакчы