Көбүрөөк жылмайыңыз! Адистер стрессти алдын алуу ыкмаларын айтышты

Саламаттык сактоо министрлиги депрессияны алдын алуу үчүн көп кыймылдап, уйкуну кандырып, жашоодогу көңүл жылытуучу көрүнүштөргө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Стресс – бул адамдын табигый шериги, майда стресстерди болтурбай коюу мүмкүн эмес жана ал ден соолукка зыян келтирбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирип, стресс, депрессия жашоого кедергисин тийгизбеши үчүн айрым кеңештерди тизмектеди.
Министрликтен белгилешкендей, стресс – бул адам психологиялык жактан кыйналганда же киши чечкенге мүмкүн эмес деп эсептеген көйгөйгө туш болгондо пайда болуучу эмоционалдык абал.
"Адамды абдан кыйнаган, көп күнгө, айга созулган психологиялык-эмоционалдык чыңалган абал ден соолукка кооптуу. Алдыдагы күндөр кандай болору белгисиз, муну ойлонгондо ар бир адамдын тынчы кетет, бул кадыресе көрүнүш. Бирок ошол тынчсыздануу адамды дайыма коштоп жүрсө, ишине терс таасир тийгизсе, анда психологго кайрылуу керек. Эгерде киши эки апта же андан көп убакыттан бери күн сайын маанайы жок жүрсө, кубана албаса, жашоодогу жагымдуу көрүнүштөрдөн рахат ала албаса — бул депрессиянын белгилерине окшош. Стресс, тынчсыздануу жана депрессия жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылышы мүмкүн", — деп айтылат министрликтин түшүндүрмөсүндө.
Стресс, депрессияны алдын алуучу эрежелер:
чылым чегим, спирт ичимдиктерин ичип стресстен арылам дебеңиз;
толук кандуу эс алууга аракет жасаңыз;
суткасына 7-8 сааттан кем эмес уктаганды адат кылыңыз;
көп кыймылдаңыз;
өзүңүз сүйгөн ишке көңүл коюп, жакын адамдарыңыз менен баарлашууга убакыт бөлүңүз;
жашооңуздагы көңүл жылыта турган позитивдүү нерселерге көңүл буруңуз;
көбүрөөк жылмайыңыз.
Адам өзүнүн эмоционалдык жактан чарчаганын кантип билсе болот? Жооп