Патрулдук милиция: эртең Бишкектин борборунун бир бөлүгү түшкө чейин жабык болот

Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү бүгүн эртең менен жабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Эртең, 1-февралда, Бишкектин борбордук бөлүгүнө — "Ала-Тоо" аянтына өтүүчү жол түшкө чейин жабыларын Патрулдук милиция маалымдады.
Бүгүн эртең менен Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү тосулду. "Ала-Тоо" аянтында жалпысынан 200гө жакын өрт өчүрүүчү жана Тез жардам автоунаалары менен автобустар тизилди. Эртең өлкө жетекчилигинин катышуусунда анын расмий түрдө өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Өткөн жылдын сентябрында Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунан кийин Кытай Кыргызстанга өрт өчүрүүчү автоунааларды, тез жардам көрсөтүүчү техникаларды жана мобилдүү оорукананы бекер берери белгилүү болгон.
Депутат мурдагы №47 колониянын ордуна парк курууну сунуштады