Орозайым Нарматова үй камагына чыгарылды

Шектүүнүн ден соолугу СИЗОдо начарлап кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Коомдук активист Орозайым Нарматова 2023-жылдын 20-февралына чейин үй камагына чыгарылды. Маалыматты Биринчи май райондук соту тастыктады.
Убактылуу кармоочу жайда камактагы Нарматованын ден соолугу начарлап кеткени белгилүү болду. Тарапташтарынын айтымында, ал азыр ооруканада.
Орозайым Нарматова октябрдын аягында кармалып, Москвадан алып келинген. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Бирок БШК анын диплому жасалма деп жарыялагандан кийин мандатынан ажыраган.
Нарматова Кемпир-Абад боюнча бийликти күч менен басып алуу максатында башаламандык уюштурган деп шектелип абакка алынган активисттер менен саясатчылардын катарында.
Кармалган активисттердин туугандары ИИМдин алдында акция өткөрүп жатат. Видео