БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШга Кытай менен тирешүү оор болот. Бул тууралуу жазып чыккан кытайлык журналист-баяндамачы Юань Сяоцундун келтирген жүйөсүн РИА Новости агенттиги таратты.
Юань Сяоцунь америкалык аскерлердин Кытай менен согушуу планын кайсы бир ээликкен адамдардын айтканы деп кабыл албай, Вашингтондун Азия — Тынч океан аймагына карата ниети деп түшүнүү керек деген. Ал АКШ армиясы чын эле Кытай менен тирешүүгө даярданып жатат деп кошумчалаган.
"Ак үй Пекин менен согушууга канчалык көп чакыруу жасаса, Кытайдын мекенди коргоо жана улуттук коргонууну күчөтүү чечими ошончолук бекемдей берет. Америка жогорку технологиялар тармагында канчалык өзүн төрө сезсе, Кытай ошончолук көз карандысыз инновацияларды жана илимий изилдөөлөр менен иштелип чыккан техникаларды чыгарууга белсенет. Аскердик деңгээлдеби же билим жана техника жаатындабы, бул мааниге ээ эмес, АКШ Кытайды тизгиндөө аракетинен пайдага караганда чыгымга көп учурайт", — деген баяндамачы.
Буга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Майк Минихан кол алдындагыларды 2025-жылы Кытай менен боло турган согушка даярданууга чакырган. Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ушул айда Японияга болгон иш сапарында Кытайды АКШ үчүн стратегиялык кооптуу мамлекет деп билдирген.
Кытай менен АКШнын мамилеси өткөн жылдын август айында АКШ Өкүлдөр палатасынын ошол кездеги спикери Нэнси Пелоси Тайванга келип кеткенден кийин бузулган. Аралды өзүнүн аймагы деп санаган Кытай Пелосинин тайвандык сепаратизмге Вашингтондун колдоосун жеткирип масштабдуу аскердик окууларды өткөргөндүгүн сынга алган.