Радио

Шүкүров: кыска аралыкка ат чабууга басым жасалат

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын ат чабыш оюндары боюнча усулчусу Бакай Шүкүров кыска аралыкка ат чабууда мыкты жокейлерди даярдоо керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстан кыска аралыкка ат чабууга басым жасап, эл аралык аренада атаандаштык көрсөтүүгө бел байлашы зарыл. Аталган дистанцияда чоң байгелер сайылып, мыкты күлүктөр ат салышат. Бул тууралуу Бакай Шүкүров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө Жокей клубунун негизинде кыска жана узун аралыкка ат чабыш оюндарын өткөрүп туруу максатында атайын федерация түзүлүп жатат.
"Бүгүнкү күндө кыска аралыкка ат чабыш боюнча Жокей клубу иш алып барып келет. Эми кыска жана узун аралыкка жарыштарды уюштуруу максатында атайын федерация түптөлүп жатат. Кыргызстандын шартында бул багытты өнүктүрүү максатында акыркы 2-3 жылдан бери пландар коюлуп келет. Өткөн жылдын февраль айында Чолпон-Атадагы ат майданда Керим Өмүралиев, Улан Батыркулов, Жеңишбек Батыркулов, Нурай Эргешова сыяктуу өлкөнүн белгилүү саяпкерлери, машыктыруучулар чогулуп, жаштарга бир жумалык семинар уюштурулду. Себеби Бириккен Араб Эмирлиги, Ирландия, Франция дагы башка өлкөлөрдө кыска аралыкка чоң байгелер сайылып, мыктылар келүүдө. Андыктан биз дагы четте калбай жокейлерди даярдоого көңүл бурушубуз зарыл",— деди Шүкүров.
Ошондой эле адис ат чабышты эл аралык деңгээлге көтөрүп, өзгөчөлөнүүгө потенциал жогору экендигин кошумчалады.