Кыргызстанда асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо башталды

Идентификация эт жана сүт азыктарын экспорттоону жолго коюудагы маанилүү элементтердин бири болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстанда асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Буга чейин атайын буйруктун негизинде асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо процессинин планы бекитилген. Аларды ишке ашырууга райондук ветеринардык башкармалыктар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышат.
Малдын башка түрлөрү боюнча айта турган болсок, 2022-жылы өлкөдө 535,9 миң баш бодо мал, 490,3 миң баш жылкы, 3,6 миң баш чочко, 37 үй канаттуулар чарбасы, 81 746 бал челек жана 670 көлмө бар экени аныкталган.
Идентификация эт жана сүт азыктарын экспорттоону жолго коюудагы маанилүү элементтердин бири болуп саналат. Өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатат. Ал эми малы идентификациядан өткөн жарандар насыя алууда жеңилдиктерге ээ болот.
Радио
Майканов: малды идентификациялоо токтобой жүрө турган процесс