ТИМ Казакстанга бараткан кыргызстандыктар биле жүрчү эрежени эске салды

Эрежени сактабаган жарандар 350-400 миң теңге айып пул салуу менен өлкөдөн чыгарылары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга бараткан кыргызстандыктарга эскертүү берди.
Сапарга чыгарда коңшу өлкөдө тыюу салынган диний адабияттар жана экстремисттик материалдар тууралуу маалыматтар менен таанышып алуу шарт. Ташып кирүүгө жана таратууга бөгөт коюлган материалдардын тизмеси Казакстандын Башкы прокуратурасынын сайтында көрсөтүлгөн.
Мындай эрежени сактабаган жарандар 350-400 миң теңге айып пул менен өлкөдөн чыгарылары белгиленди.
Кыргызстандын жарандары бардык маселелер боюнча кошумча маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу ала алышат:
Кыргызстандын Астанадагы элчилиги: +7-776-124-88-33;
Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу: +7-777-037-14-48, +7-705-548-97-87.
ТИМ кыргызстандыктар үчүн Казакстанга кирүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштады