ЖМК: Израиль дрондордун чабуулунан кийин Ирандын кайтарчу жообуна даярданууда

Жекшембиге караган түнү Ирандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Исфахан шаарында ири жарылуу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Израилдин Коопсуздук кызматы аскердик объектилери дрондордун чабуулуна тушуккан Ирандын кайтара турган жообуна даярданып жатат. Бул тууралуу РИА Новости Times of Israel басылмасына таянуу менен жазды.
Маалыматта Израилдин коопсуздук органдары Ирандын башка өлкө аймактарына сокку уруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн жолугушууларды өткөрүп жатканы белгиленген. КАН телерадиокомпаниясынын маалыматы боюнча, Тель-Авив Тегеран израилдик туристтерди, расмий тараптарды жана элчиликтерди бутага алышы ыктымал деп кооптонууда.
Эскерте кетсек, жекшембиге караган түнү Ирандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Исфахан шаарында ири жарылуу болгон. Коргоо министрлиги курал-жарак сакталган объектиге квадрокоптерлердин жардамы менен жасалган чабуулдун мизи кайтарылганын кабарлаган. Дрондордун бири жок кылынып, дагы экөө капканга түшүп жарылып кеткен. Ошол эле түнү өлкөнүн түндүк-батышында да жарылуу болуп, андан кийин мотор майын өндүргөн ишканадан өрт чыккан.
Al-Jazeera телеканалы ирандык аткаминерге таянуу менен белгилер окуяга Израилдин тиешеси бар экенин көрсөтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу америкалык чиновниктерге шилтеме берип Wall Street Journal гезити да жазган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Ирандын объектилерине урулган соккуга Киевдин реакциясы кескин сынга алынды