"Айлантып-тегеретпей түз айт". Бишкек мэри орун басарын тилдеди

Шаар башчысы орун басарынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын суроосуна берген жообун жактырган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кеңештин депутаттарынын көзүнчө орун басары Жыргалбек Шамыралиевди тилдеди.
Депутаттар Шамыралиевге таштанды чыгаруу үчүн тарифти көтөрүү боюнча суроо берип, тариф көтөрүлгөндөн кийин шаардын тазалыгы өзгөрөр-өзгөрбөсүнө кызыгышкан.
Вице-мэр өзгөрүүлөр жыл аягына чейин болорун, атайын иш план бар экенин айтып жатканда сөзүн мэр бөлгөн.
"Сен тарифтер маселесин көтөрүп жатасың... Баары өзгөрөт, шаар таза болот деп эле айт да. Ошентип айтканга күчүң жетпей жатабы?! Айлантып-тегерете бербей түз эле жооп бербейсиңби! Баары саясатчы болуп кетишти, ушундай жооп беришет... Жакында 74 техника алабыз, контейнерлер жер астына коюлат, таштандыны ылгоо боюнча долбоор бар. Сен коркуп атсаң мен жооп берейин. Силер кантип иштеп жатасыңар?!" — деди орун басарына нааразы болгон Абдыкадыров.
Талап кылардан мурун үлгү болгула. Садыр Жапаров той берген аткаминерлерди зекиди