Депутат мурдагы №47 колониянын ордуна парк курууну сунуштады

Буга чейин президенттин администрациясы бул жерге 10 миң батирлүү кичи район түшөрүн маалымдаган. Батирлер мамлекеттик ипотека системасы аркылуу берилмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. ЖКнын депутаты Жаныбек Абиров мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна парк курууну сунуштады. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
Буга чейин 8,5 гектар аянтты ээлеген мурдагы түзөтүү колониясынын ордуна кичи район куруу пландалып жатканы маалымдалган болчу.
Абировдун айтымында, бул жерге парк салуу сунушу өткөн жылдын октябрь айында эле түшкөн. Депутат сейил бактын курулушу эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, шаардагы ыш, ис менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорунун бири болорун белгиледи.
ЖКнын депутаты Жаныбек Абиров

"2025-жылы Бишкектин четиндеги айылдар шаарга кошулуп, калаанын аймагы кеңеет. Андыктан парк көбүрөөк пайда алып келишин эске алышыбыз керек", — деди эл өкүлү.

Ал мурдагы колониянын орду болгон сегиз гектар жерди, Ашар көчөсүндөгү төрт гектар жерди (БШКнын депутаттарынын биринин демилгеси) жана Чортеков көчөсүнүн батыш тарабын (Айни көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнө чейин) Ленин районунда сейил бак курууга ылайыктуу жер деп эсептейт. Абиров бул маселени парламентте көтөрүүгө ниеттенүүдө. Ошондой эле президент менен министрлер кабинетинин башчысынан анын сунушун карап чыгууну суранаарын айткан.
Бишкектеги бузулган колониянын ордуна курула турган кичи райондун эскиздери