Жетекчи болууга татыксызсыз. Депутат Бажы кызматынын башчысына нааразы болду

Эл өкүлү Алтынбеков Бажы кызматынын жетекчиси депутаттын таанышын жумушка албай койгон окуясын маалымат жыйында айтканын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринин кечээки жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ээлеген кызматына татыксыз экенин айтты.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков
Алтынбеков Бажы кызматынын башчысы маалымат жыйында депутаттын таанышын жумушка алуу өтүнүчү боюнча айтканына нааразы болду.
"Бирөөгө интервью бергенде абайлап берсеңиз. Сиз өзүңүздү эркекмин деп билесиз да. Сөз бергенден кийин ага туруш керек. "Мен аткарам" деп кол бергенден кийин эркекче аткарыш керек. Мен сизден мүмкүнчүлүк болсо деп сурангам. Сиз нак коррупциянын ичинде иштеп жатасыз. Бир дагы жакшы нерсе кылбадыңыз. Дагы келип интервью берип, ар кайсы нерсени айтасыз", — деп нааразы болду Алтынбеков.
Андан ары кайым айтышуу төмөнкүдөй уланды:
Алтынбеков: Ал жигитти татыксыз деп айттыңыз. Сиз өзүңүздү Бажы кызматынын жетекчисине татыктуумун деп ойлойсузбу?
Исабеков: Ойлойм.
Алтынбеков: Мен сизге айтып коеюн, жетекчиликке татыктуу эмессиз. Татыктуулар азыр көчөдө жүрөт.
Исабеков: Анда сиз да татыктуулар үчүн сураныңыз.
Алтынбеков: Мен эч кимге суранган эмесмин.
Исабеков: "Детально" айтышпай эл коелу. Суранычыңыз өтпөй калса эле мен күнөөлүү боло бербейм. Жумуш боюнча бажы статистикасын карап көрүңүз.
"Айлантып-тегеретпей түз айт". Бишкек мэри орун басарын тилдеди