Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп Салимжанов дайындалды

Салимжанов президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кеңешчиси катары иштеп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына Бообек Салимжанов дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Салимжанов президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кеңешчиси катары иштеп жаткан. 2017-жылы Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы (Россия) башкы консулу болуп эмгектенген.
Буга чейин аталган кызматты Эмил Шерматов аркалап турган.
Башкы прокурордун биринчи орун басары алмашты