Бишкекте экологиялык абалга байкоо салган автолаборатория иштей баштады. Видео

Көчмө лабораторияны Кыргыз-орус славян университетинде иштеп чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте экологиялык кырдаалды жана транспорт каражаттарынын техникалык абалын мониторинг кылууга ылайыкталган көчмө лабораторияны көрсөтүштү.
Автолабораторияны Кыргыз-орус славян университетинин табигый-техникалык факультетинде жасап чыгышкан. Ал илимий-изилдөө жана лабораториялык иштерди жүргүзүүгө, тапшырмаларды комплекстүү түрдө чечүүгө багытталган. Анын жардамы менен экологдор маршруткалардан, автобустардан чыккан уулуу газды текшерип, көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө болот.
Ысык-Көлдө таштанды иргөөчү цех ишке кирди. Сүрөт