Радио

Бензин дагы канча сомго арзандашы мүмкүн? Адистин жообу

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов бензиндин баасынын өзгөрүшү запаска байланыштуу экенин айтты.
Sputnik
Алдыдагы айларда бензиндин баасы дагы 2-3 сомго арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү майдын баасы бир калыпта турат деген кепилдик жок.
"Кыргызстанда бензиндин арзандашына түздөн-түз Россиянын тиешеси бар. Анткени ал жактагы баа түшкөндө бул жакта да күйүүчү май арзандайт. Декабрь айында, баарыбызга маалым болгондой, 1-1,5 сомго арзандаганы байкалган. Ал эми январдан бери баа 4 сомдун тегерегинде түштү. Муну биз сезондук көрсөткүч деп жатабыз. Алдыдагы айларда баа кандай болору 1-февралда так маалым болот. Жок дегенде азыркы нарктан 2-3 сомго арзан болот деп күтүп жатабыз. Тилекке каршы, арзандоо сезондук болуп, кийинчерээк кымбаттап кетиши да мүмкүн. Бул нерсе запаска жана башка өлкөлөргө байланыштуу болот", — деди адис.
Ал эки жумадан кийин жазгы талаа иштери башталарын, тилекке каршы, дизель арзандабай турганын кошумчалады.