Sputnik иликтөөсү: башкы прокурор Зулушев чуулуу тендер текшерилерин айтты

Журналист башкы прокурордон 20 жаштагы студенттин ири суммадагы мамлекеттик тендерди кантип утуп алганы боюнча маалыматынын бар-жогун сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Баткен облустук прокуратурасы Sputnik Кыргызстан агенттиги жарыялаган иликтөө боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул туурасында башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
Жыйында журналист андан 20 жаштагы студенттин ири суммадагы мамлекеттик тендерди кантип утуп алганы боюнча маалыматынын бар-жогун сураган.
"Биз бул боюнча текшере элекпиз. Жаңы маалымат чыкты. Бирок тапшырма беребиз, Баткен облустук прокуратурасы бул боюнча тиешелүү документтерди бүт карап чыгат", — деди Зулушев.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан кечээ Баткенде талкаланган үйлөрдү куруудагы көмүскө кызыкчылыктар тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда "Аманат курулуш инвест" компаниясын жетектеген 20 жаштагы студент 420 үйдү куруу үчүн 1,3 миллиард сомдук тендерди утканы далилденген. Ал томолой жетим болгондуктан окуу жайында контракт төлөөдөн бошотулган. Бир айдан кийин компаниясын Давид Камбаровго саткан. Натыйжада президент Садыр Жапаровдун жаңы жылга чейин турак жайларды толук куруп бүтөрүү тапшырмасы аткарылбай, эки гана үй сала алышкан. Башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" үйлөрдү өзү курбай эле 34 субподрядчы жалдаганы белгилүү болгон. Өз кезегинде кээ бир субподрядчылар акчаны өз убагында ала албагандыктан курулуш кечеңдегенин билдирди. Бирок бийлик каражатты башкы подрядчыга өз маалында которуп жатканын айтууда.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы? Иликтөө