Орган алмаштырган адамдардын донорлорун аныктоочу алгачкы лаборатория Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде жайгаштырылат. Бул тууралуу Кубанычбек Калмаматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамы кайрадан каралып, анда донор болчу адамдардын тизмеси кеӊейтилет.
"Жакында Кыргызстанда орган алмаштырган адамдардын донорлорун аныктоочу лаборатория ачылат. Бул мезгилдин талабы. Бизде мындай лабораториянын жоктугунан улам бейтаптар чет мамлекеттеги лабораторияларга барып текшерилип келишчү. Бейтаптарды Казакстандын Алматы шаарына жөнөтүп келебиз. Бизде азыр бөйрөк алмаштырылат. Мындай операция Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илим-изилдөө институтунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат. Бүгүнкү күндө өлкөдө тажрыйбалуу дарыгерлер бар. Мисалы, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору 2012-жылдан баштап Беларустун дарыгерлеринин жардамы менен операция жасап баштаган. Биздин эӊ негизги көйгөй орган алмаштырууда донордун органы дал келерин аныктоочу лабораториянын жоктугу болчу. Донор дал келбей калса, эки-үч тууганы чет өлкөгө барууга аргасыз эле. Учурда тендер өтүп, жабдыктарды сатып алуу келишимине кол коюлду. Ал эми боор алмаштыруу жаатында мүчүлүштүктөр бар. Буга чейин эки жолу гана боор алмаштыруу операциясы жүргүзүлгөн. Дарыгерлер Индияга барып окуп келишкени менен эки операция теӊ ийгиликсиз болуп калды", — деди Калмаматов.
Ал кыргызстандыктар орган алмаштырган адамдардын донорлорун аныктоочу лабораторияга барып анализ тапшырууда 600 доллар жана андан жогору каражат сарпташарын кошумчалады.