Бул аптада Нарында аба ырайы кандай болот

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Алдыдагы аптада Нарын облусунда аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги айтып берди.
Маалымат боюнча, бүгүн, 30-январда, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлүүдө.
31-январда айрым жерлерде кар жаайт, 1-февралда күн ачык болот.
2-февралда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
3-февралда көпчүлүк аймактарда, 4-февралда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
5-февралда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Алдыдагы аптада Ош облусунда кандай аба ырайы күтүлүп жатат?