БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Ноокат районундагы кафеде жаш балага кол көтөргөн эркек киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Өткөн жумада социалдык тармактарда видео жарыяланган. Кадрдан жанындагы столдо отурган жети жаштардагы баланы чоң киши желкеге койгонун көрүүгө болот. Андан соң ал тестиерден бир нерсени сурап, урушуп, бетке чапкан. Милиция ал кишини кармаганы айтылган.
Шектүү берген көрсөтмөсүндө кафеде отурган бала аны шылдыңдап, аны көздөй салфетка ыргытканын билдирген. Андан соң "тарбиялап" коюуну чечкенин айткан.
Тестиердин атасы ушул эле кафеде ашпозчу болуп иштээри белгилүү болду.