Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай ТИМи АКШга Украинаны куралдандырууну токтотууга чакырык салды

Дипломат АКШнын чатак чыккан тарапка курал жөнөтүп, согуштан пайдага туйтунуусун токтотуш керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. АКШ — Украина кризисинин ана башында турган демилгечи, эгерде алар чындап эле украин элине күйсө, курал бергенди токтотушу керек. Бул тууралуу Кытай ТИМинин расмий өкүлү Мао Нин билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШ — Украина кризисинин ана башында турат жана бул процесстин негизги кыймылдаткычы. Алар Украинага оор жана кол сала турган техникаларды берип, чатакты создуктуруп жатат", — деген Мао Нин.
Дипломат эгерде АКШ чындап эле кризистин тезирээк бүтүшүнө кызыкдар болсо, "алар чындап эле украин элине кам көргүсү келсе, курал жөнөтүп, согуштан пайдага туйтунууну токтотушу керектигин" белгилеген.
"Кырдаалдын жакында деэскалация болушуна жоопкерчилик менен аракет кылып, кызыкдар болгон тараптардын тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө шарт жана ыңгайлуу кырдаал түзүү зарыл", — деген Мао Нин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Washington Post: АКШ Украинага танктарын жыл этегине чейин жөнөтө албайт