Радио

Кытай — Кыргызстан — Россия почта маршруту түзүлөт

"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун башкаруучулугунун төрагасы Марат Черикчиев "Кыргыз почтасынын" 2022-2026-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы түзүлүп, эл аралык кызматташтыкка да басым жасаларын айтты.
Sputnik
Ош шаарында өткөн кыргыз-орус инвестициялык форумунда логистика тармагында келишимдерге кол коюлуп, Кытай — Кыргызстан — Россия почта транзитин түзүү каралган. Бул тууралуу Марат Черикчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан почта транзитин уюштуруу аркылуу Россия, Европа, АКШга чейин жол ачат.
"Ош шаарында өткөн кыргыз-орус инвестициялык форумунда логистика тармагында келишимдерге кол коюлуп, Кытай — Кыргызстан — Россия почта транзитин түзүү каралган. Бул биздин ишмердүүлүгүбүздү кеңейтип, дүйнөлүк аренадагы ордубузду бекемдейт. Учурда Кыргызстан почта транзитин уюштуруу аркылуу Россия, Европа, АКШга чейин жол ачат. Эл аралык кызматташтыкка көңүл буруп, мыкты тажрыйбаларды колдонуу убагы келди. Мындан тышкары, ишкананын 2022-2026-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы түзүлгөн. Бул аралыкта ички кызмат көрсөтүүлөрдөн тартып, санариптештирүү, электрондук коммерцияга чейин иштер камтылган", — деди Черикчиев.
Ошондой эле адис Кыргызстан Дүйнөлүк почта уюмуна кошулганына 30 жыл толуп, бүгүнкү күндө почта тармагын өнүктүрүү үчүн долбоорлорду, санарип программаларды интеграциялоо жаатында иштер жасалып жаткандыгын кошумчалады.