Президенттин мамкеңешчи кызматынын мурдагы жетекчиси Токтосунов көз жумду

Токтосуновдун эртең, 31-январда, жерге берилерин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жол кырсыгынан президенттин коргонуу, коопсуздук жана тартип сактоо маселелери боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Кубанычбек Токтосунов жана анын тууганы каза тапты. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга анын жакындары тастыктады.
Жол кырсык 28-январда, ишемби күнү, саат 15:00дөр чамасында болгон.
Токтосунов өзүнүн Nissan X-Trail автоунаасы менен Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда кырсыктаган. Өзү окуя болгон жерден мүрт кеткен. Жанында бара жаткан А.У. (1986-жылы туулган), А.Т. (1987-ж.т.), С.У. (2020-ж.т.) жана С.У. (2018-ж.т) жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Милиция кырсыктын себебин изилдеп жатканы маалым болду.
"Ооруканадан ага жакын тууган болгон кыз көз жумду. Жерге берүү тажиясы эртең, 31-январда, болот", — деп айтышты алар.
Кубанычбек Токтосунов 1965-жылы 25-июлда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек – ред.) туулган. 2009-жылы президенттин мамлекеттик кеңешчилеринин кызматын жетектеген. 2020-жылы президенттик шайлоого катышкан.
Токтосунов бир топ жыл ички иштер органдарында иштеп, Интерпол эл аралык уюмунун кылмыш полициясынын Кыргызстандагы улуттук бюросунун төрагасынын орун басары болгон. Самбо федерациясын, ТИМдин Дипломатиялык академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясын жетектеп келген.
Адам өмүрүн алган түндөгү автокырсык: рулда 18 жаштагы кыз болгон