Коопсуздук кеңештин катчысы АКШнын элчиси менен жолукту. Эмне сөз болду

Жолугушуу америкалык тараптын демилгеси менен уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту

2 / 2

Жолугушуу бүгүн, 30-январда, америкалык тараптын демилгеси менен уюштурулган

Жолугушуу бүгүн, 30-январда, америкалык тараптын демилгеси менен уюштурулган.
Иманкулов менен Вигери глобалдык жана аймактык коопсуздук, террорчулук, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашкан. Ошондой эле Сириядан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөнүн маданий-тарыхый мурас объектилерин реконструкциялоого көмөктөшүү темасы да козголгону кабарланды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы? Иликтөө