БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкекте өзүн милиция кызматкери деп тааныштырып, Кызыл-Кыя шаарынын тургунун коркутуп, андан 300 миң сом талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 26-январында милицияга Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жеке ишкерлик кылган 43 жаштагы А. А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыздануучуга белгисиз жаран бир нече номерден телефон чалып, компроматтык материалдар бар экендигин айтып 300 миң сом талап кылгандыгы айтылган.
Аталган факт Кызыл-Кыя ШИИБине катталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө өзүн милиционер деп тааныштырган жаран Бишкек шаарында жабырлануучудан 230 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал Кадамжай районунун эч жерде иштебеген 30 жаштагы Т.Ч. аттуу тургуну экендиги аныкталган.
Шектүү Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери уланууда.