7-февралдан тарта Бишкек — Баткен авиакаттамы жанданат

Самолет жумасына бир жолу, ар шейшемби сайын учуп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 7-февралынан баштап Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу – шейшемби күнү учуп турат.
Белгилей кетсек, "Баткен" аэропорту аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу былтыр 1-августта жабылган болчу.
"Манас" аэропорту: Бишкек — Казань авиакаттамы көбөйтүлөт