Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Washington Post: АКШ Украинага танктарын жыл этегине чейин жөнөтө албайт

Кремль Украинага курал жеткирүүнү НАТО мамлекеттеринин Россияга каршы жаңжалга катышуусу катары кабыл аларын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. АКШ Abrams танктарын Украинага жыл этегинде же кийинки жылдын башында гана жөнөтө алат. Бул тууралуу The Washington Post гезити жазды. Макаланын котормосун РИА Новости жарыялады.
Басылманын маалыматында Кошмо Штаттар беребиз деп жар салган 31 танкын эми жасай баштаары айтылат.
"Техника атайын Украина үчүн байытылбаган урандан жасалат. Сооттолбогон танктар ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында жеткирилет", — деп жазылат макалада.
РФ ТИМ жетекчисинин орун басары Сергей Рябков Киевге курал жеткирүү боюнча оюндун кесепетин оюнчулар тартаарын билдирип, АКШ башкы дирижер гана эмес, негизги пайда көрүүчү экенин кошумчалаган.
Ак үй Abrams танктарын Киевге жеткирүү бир нече айды талап кыларын эскерткен. Пентагондун маалымат катчысынын орун басары Сабрина Сингх Украина Куралдуу күчтөрү Abrams танктарын тейлөөдө кыйналып каларын мойнуна алган.
Эскерте кетсек, 25-январь күнү Германия өкмөтү Украинага Leopard 2 танктарын берүүнү чечкенин жар салды. Анын артынан Испания, Финляндия, Португалия, Нидерланддар жана Норвегия техника берүү пландарын айтышкан. Ошол эле учурда АКШ президенти Жо Байден да M1 Abrams танкынан 31ди берүүнү билдирген болчу.
Кремль мындай чечимдерди НАТО мамлекеттеринин Россияга каршы жаңжалга катышуусу катары кабыл аларын эскерткен.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Конгрессвумен: Россия өнүгүү үчүн АКШнын достугу кереги жоктугун далилдеди