БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бокстун IBF, WBO жана WBC версиялары боюнча оор салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев дүйнөнүн абсолюттук чемпиондугу үчүн атактуу Дмитрий Бивол менен кармашуу ниети бар экендигин билдирди. Бул туурасында Sports.ru жазды.
"Бул башкаларга караганда бир топ жагымдуу болот деген ойдомун. Атайын дегеним, Бивол менен кармашууга ниетим бар. Төрт курга ээ болом, бул абдан жакшы таймаш болот. Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону боло аламбы? Аны биз билбейбиз. Биволдон кыйынмынбы? Аны кармаштан кийин гана билебиз", — деген Бетербиев.
28-январда ал WBC, WBO жана IBF категориялары боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн кармашта атаандашын, британиялык Энтони Ярдды нокаутка кетирген. Бул Бетербиевдин 19 беттештеги 19-нокауту.
Бокс боюнча дүйнө мыктысы Дмитрий Бивол Кыргызстандын Токмок шаарында туулуп-өскөн. 15 жашында Россияга көчүп кеткен. 2022-жылдын май айында учурдун мыкты мушкери атыккан Сауль Канело Альварести жеңгени көпчүлүк бокс сүйүүчүлөрдүн көңүлүн бурган. Ноябрда Абу-Дабиде өткөн бокс боюнча мелдеште мексикалык Хильберто Рамирести жеңилүү ызасын тарттырып, WBA версиясы боюнча орто оор салмактагы дүйнө чемпиону титулун коргоп калган.